www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Apple компаниясы Орусияда ишин токтотту

Орус куралдуу күчтөрүнүн Украинага киришине жооп иретинде Apple компаниясы Орусияда бардык продукциясын сатууну токтотту. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүн ABC News телеканалынын журналисти "Твиттерде" жарыялады.

Apple ошондой эле Apple Pay мобилдик төлөм кызматынын ишин чектеп, Орусиянын чегинен тышкары да AppStore дүкөнүндө Sputnik жана RT тиркемелерин бөгөттөдү.

1-мартта Google компаниясы Орусиянын мамлекеттик казынасынан каржыланган Russia Today жана Sputnik маалымат каражаттарынын YouTube порталындагы каналдарын Европа аудиториясы үчүн жапкан.

Эске салсак, Украинадагы салгылашуулар алтынчы күндөн бери уланууда. 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин атайын аскердик операция башталганын жарыялаган. Украинада жана Батышта бул баскынчылык катары кабыл алынган. 25-февралда Россия Федерациясына каршы катаал экономикалык санкциялар киргизиле баштады. Курман болгондордун саны эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин арасында да, карапайым калктын арасында да өсүүдө. Европага кеткен украиналык качкындардын саны өсүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Орусиянын аракеттерине каршы нааразылык акциялары өтүп жатат.

27-февралдын кечинде дээрлик бардык Европа өлкөлөрү асманды орус авиакомпаниялары үчүн жапты. НАТО мамлекеттери жана АКШ Украинага каржылык жардамын көбөйтүп эле тим болбостон, курал-жарак да бере башташты. Орусияга каршы катаал санкциялар киргизилди. Чектөөлөрдүн пакети күн сайын көбөйүүдө.

28-февралда согуштук аракеттер улантылды. Мунун фонунда орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өттү. Чоо-жайы кабарланган эмес. Тараптар өз өлкөсүнүн жетекчилиги менен кеңешип, экинчи айлампанын датасын белгилешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости