www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргыз эсепчилери ар бир күндү белгилешип келген. Ошолордун бири эң түйшүктүүсү жай чилдеси 8-июлда башталат. Илгери эки жигит мелдеше кетет, кыш чилдеси күұчтүүлүк кылабы жже жай чилдесиби дешип. Кайсы чилде күчтүү экенин билмекке экөө эки чилдедед бир суткадан турмак болот. Кыш чилдеси башталып кыш чилдесин байкаганы бир жигит бир сутка турат, ал колу –буту тоңуп, кийинки жайга араң жетет. Жай чилдесин байкап турган адам ошол замат жайдын ысыгына чыдабай мүрт кетиптир. Бул экөөнү бир күмбөзгө коюшуп эки чилденин күмбөзү деген ат калган.8- июлдан 18-августка чейин 40 күнгө созулган жай чилде болот. Муну саратан жай деп да коюшат. Үркөр жылдыз жерге түшкөн күндөн баштап кырк күн бээнин сүтү табылгыс дары дешкен. Ай жаңырганда ай арасы деп коет. Сөзсүз аба ырайы бузулат, бийик ашуу тоолордо кар жаайт. Үч күнгө созулат, бул сөзсүз болуучу окуя. Ушул кырк күндө Үркөр таң менен бирге бир аз көрүнүп калса, жай чилденин келгени. Эгерде, Үркөр жылдыз таң алдында көрүнүп калса, анда Сүмбүлө жылдызы тууйт дешкен. Анда таң сууп, бир топ адамдарга бээнин сүтү жакпай, чөп ката баштайт. Илгери көпкөн эки жигит мелдеше кетет: “Кышкы чилдеге чыдаса болобу же жайкы чилдеге чыдоого болобу” – дешип. Биринчиси,  кышкы чилдеде күнү-түнү туруп берген окшойт, ал чала өлүк болуп акыры аркы дүйнөгө кетиптир. Экинчиси, жайкы чилдеде туруп ошол эле жерден жан таслим болуптур. Чилде деген тамаша эмес. Жайкы аптаптуу чилде оор болгон. Бирок илгерки заманда кыргыздар жайлоого чыгып кетишип, аптаптын убайын көп тартпай калышкан. Ал эми жайлоого чыга албагандар жакада калышып ысыктын түйшүгүн тартышкан. Текеге карап да кандай жыл болорун аныктаса болот. Теке бештин айынын 20-нан 30-на чейин бийик зоолорго чыгып, аба ырайына карап, үйүргө кошулаарын аныктайт. Эгерде, үйүргө эрте кошулса, улактары эрте туулуп, жүнү суюк, териси жука айбан болгондуктан, бийик тоонун суугуна туруштук бере албай өлүп калышат. Ошондуктан, кайберендерден эң кеч үйүргө кошулганы эчки, теке болушат. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Жут болоордо 15 күн кеч жүгүрөт. Ушул айда төлдөйт, андыктан теке дейт. «Ай караган текедей» деген сөз бар кыргызда. Текелер айды эмес, жылдыздардын тогошууларын карашат. Ошого жараша келээрки жылдын жазы эрте же кеч келээрин – “моюну создугаарын” аныкташат. Ошого жараша куутту эрте, же кеч башташат. Бул – тукуму кырылып калбашы үчүн болгон алдын ала көрүлгөн туюмдун (инстинкт) негизинде көргөн камкордугу. Июлдун 15 жарыгы «саратан тамыз маалы», 15 караңгысы «асат маалы» аталат. Июлдун 21 жаңысынан тогойт. Бирок, тогоол белгиси айкын болбойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости