www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марат Казакпаев сот менен прокурордун айынан каза болду. Мындай пикирин саясат таануучунун жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымат жыйынында билдирди.

Ал Казакпаев айыккыс дартка чалдыккан деп эсептейт.

"Казакпаевди судья Марат Сыдыков менен прокурор Тамара Тилекеева өлтүрдү деп эсептейбиз. Ал буга чейин айыккыс ооруга чалдыккан. Мен баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөм. Ал камакта отурушу мүмкүн эмес эле. Бирок прокурор менен судья дарыгерлердин чечимин карап да коюшкан жок. Тогуз күндөн кийин ал каза болду. Ал бир жылдан ашык камакта болду", - деди жактоочу.

Эске салсак, Марат Казакбаев комадан чыкпай, №1 шаардык ооруканада каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости