www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстандын” кыйын депутаты Алмазбек Эргешов Жогорку кеңештин кадыр-баркын кантип көтөрөм деп катуу ойлонгон экен.
Акыры ою ордунан чыгып, быйыл парламентибиздин 80 жылдыгы экени эсине түшүптүр. “Ушул жылы парламентибизге 80 жыл болот экен. Ушуга байланыштуу илимий конференция сыяктуу иш- чараларды өткөрүү керек.
Балким китеп чыгарып же кино тартабыз. Кандай болгон күндө дагы парламенттин кадыр-баркын көтөрүү үчүн ар-кандай иш-чараларды өткөрүшүбүз керек” – деди ЖК жыйынында. Илимий конференция сыяктуу “кооз”иш-чаралары менен кошо Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылган кадимки той- топуру дагы бар экенин алсак, Алмазбектин бул амалы ЖКнын кадыр-баркын көтөрбөй эле, кайра каралоого жем таштады. Парламенттин кадыры качан көтөрүлөт?
Эргешов, Жолдошпаевге окшогон жолдошторр билген бизнесин билип кетсе, ордуна эл үчүн күйгөн чыныгы эл өкүлдөрү келгенде көтөрүлөт.
Булак: "Фабула"