www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы президенттик шайлоодо ар бир добуш маанилүү жана баалуу, жакынкы үч күн ичинде ар бир жаран талапкерди тандап, биримдигин көрсөтүшү керек. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин элге кайрылып жатканда айтканын РИА Новости жазды.

Үч күнгө созулчу шайлоонун алдында Россиянын азыркы жетекчиси элге кайрылган.

"Алдыга жылуу үчүн ийиндеше туруп биримдигибизди, чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтүшүбүз керек. Ар бир добуш баалуу жана мааниге ээ. Андыктан, алдыдагы үч күн ичинде добуш берүү укугуңардан пайдаланууга чакырам", — деген кайрылуусунда Путин.

Ал Россия эбегейсиз чоң мамлекет экенин, добуш берүү тилкелери ар бир айылда, шаарда ачыларын белгилеген.

"Кымбаттуу достор, баарыбыз көп улуттуу Россиянын элибиз, чоң үй-бүлөбүз. Боор этибиз менен тең болгон өлкөбүзгө кам көрүп, анын өсүп-өнүгүшү жана аны менен катар эле жашообуздун деңгээли, сапаты жакшырышы үчүн түйшөлөбүз, толкунданабыз. Кандай болушун кааласак, дал ошондой кылабыз. Андыктан, ар бириңерди келип, жарандык жана мекенчилдик милдетиңерди аткарып, тандаган адамыңарга добушуңарды берүүгө, сүйүктүү Россиябыздын ийгиликтүү өнүгүшүнө салымыңарды кошууга чакырам", — деген Путин.

Федерация кеңеши (Россиянын жогорку палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгилеген. Добуш берүү үч күн — 15, 16 жана 17-мартта болот. Россияны жетектөөгө төрт талапкер аттанган. Алар — Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин.

Последние новости