www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындады. Ал Кыргызстанда акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү. Ушундай эле көйгөйдү башка да депутаттар айтты.

“Саламаттык сактоо министринин “кара хирург” деген каймана аты бар экен. Бул убагында Рысбек Акматбаевди, ок тийген же бычак жеген уюшкан кылмыштуу топтун балдарын үйүнө жашыруун алып барып операция кылып жүргөн. Азыр уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп жатпайбызбы, мен УКМКнын башчысы менен башкы прокурорго да кулак кагыш кылып коёюн. Мунун уюшкан кылмыштуу топторго түздөн-түз байланышы бар. Канчалаган балдарды бекитип операция кылып жүргөн киши Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турат. Бул уят”, - деди ал.

Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсү боюнча Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка” комментарий берди.

“Мен “карамынбы же акмынбы”, башкысы хирургмун. Мага кайрылгандардын баарын операция кылам. 2000-жылдары мен №47 колониянын ооруканасында консультант болуп иштегем. Ошол убакта операцияга муктаж адамдардын баарына жасап тургам. Алар да Кыргызстандын жарандары да. Хирургдар абакта ооруп калгандарга азыр да операция жасап келишет. Анда алардын баарын тең “кара хирург” деп айтабызбы?”.

Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости