www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишек шаарынын мектептеринде күзөт күчөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди.
Бул чара № 73 мектептеги кырдаалга байланыштуу.
№ 73 мектептин алдында белгисиз киши башталгыч класстын окуучусуна тийишкен. Милиция чакырылып, 1990-жылы туулган жаран кармалды. Ага кылмыш иши козголуп, эки айга тергөө абагына камалды. Окуя 10-февралда болгон. Бирок, анда мектеп директору окуу жайдын ичинен кылмышкер кармалганын четке каккан. Кийинчерээк 4-класста окуган кыздын ата-энеси жана мугалими маалыматты ырасташты. Алардын айтымында, мас абалында киши кароолдун алдынан өтүп, дааратканадан чыгып барат жаткан кызды кармап, кайра артка түртүп, зордуктоого аракет жасаган. Дааратканага кыздын классташ кызы кирип келгендиктен, бачабаз максатына жетпей калды.
«Окуя боюнча комиссия түзүлдү. Ата-энелерден дагы түшүндүрмө алынды. Директордун жоопкерчилиги дагы каралат. Ал эми коопсуздук кызматы менен келишим түзүлөт» — деди Сауле Мейрманова.
Шаардагы мектептерде атайын уруксат кагазы менен гана кирүүгө уруксат берилет.
Булак: NazarNews.kg