www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Россияда окуп, иштеп жүргөн кыздарды тартиялайбыз деп чогулган топтун видеосу өтө тездик менен тараган. Аталган видеого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатканын Ички иштер министрлиги билдирип, катуу сүйлөгөн жигиттердин бири кечирим сураган. Дал ошондой видеолордун бирине Төлөгөн Абдыракманов аттуу Фейсбук колдонуучусу өз пикирин калтырган. Ал билдирүүсүндө Россиянын ар бир шаарынан бирден кыргыз кызын мыкаачылык менен өлтүрүүгө чакырган:

"Ар бир шаарда мисал кылып бирден кыз өлтүрүү керек, мыкаачылык менен", - деп жазган ал. Мындай пикирден улам көпчүлүк колдонуучулар аталган жаранды таап, тиешелүү жазасын берүүнү талап кылышкан.

Буга байланыштуу КРнын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Нурлан Жанбаев анын кечирим сураганын маалымдады. 

На изображении может находиться: один или несколько человек, текст «Tele2 LTE 22:06 Tologon Abdyrakmanov обновил фото профиля. 10 мин. поделиться Tologon Abdyrakmanov урматтуу кыргыз элим!!! ушул жылдын 22-июль κγну мен белгилеп кеткен комментарий боюнча буткул кыргыз элимден, кыргыз 3-келиндеринен кечирим сураймын, ошондой эле ap- намыска шек келтирген чакырыктардь жасабоону етунем!!! мин. нравится ответить 9+»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости