www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинен 45и чет мамлекеттерде ачылган.

"Шайлоо тилкелери тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды. Ал жерде эки жабдык колдонулат: бири биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү жабдык жана автоматтык эсептөөчү куту. Бизде 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү куту бар. Конституциялык мыйзамга ылайык ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болушу керек", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости