www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында шайлоочулардын бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрү көтөрүлдү.
Депутат Дастан Бекешев Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар түшүнүксүз экенин айтып, ал реформалар боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, диссертациялардын жабык базасын ачуу керектигин, плагиатчылык боюнча иш козгоодо эскирүү мөөнөтүн алып салуу зарылдыгын белгиледи.
Депутат Гүлшат Асылбаева Бишкек Жылуулук электр борборунун кыш мезгилине даярдыгына кабатырланып, анысын ЖЭБдеги Сууну химиялык тазалоо цехинин курулушу техникалык-экономикалык негиздемеси жок курулуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Депутат Сайдолимжан Жураев КР Өкмөтүнүн Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя цемент заводун Ош облусуна өткөрүү боюнча токтомун кайра чакыртып алууну Өкмөттүн астына койду. Анын айтымында, аталган заводдун салыгы Баткен облусунун бюджетинин жарымын түзчү. Бул маселени улаган депутат Таабалды Тиллаев маселенин мындай чечилишине нааразы болгон баткендиктер митингге чыгабыз деп жатканын эскертти.
Депутат Акылбек Жамангулов Улуттук университеттин бюджети 1 млрд сом, Кыргыз-орус славян университетинин бюджети 500 млн сом деп бир катар ЖОЖдордун бюджеттери тууралуу маалымат айтып, бирок алардын айрымдарында билим сапаты, окуу шарттары төмөн экенин белгиледи. Муну менен депутат ЖОЖдордун бюджеттерин иликтеп, керек болсо, студенттер төлөгөн контрактык төлөмдөрдү азайтууну сунуш кылды. Мындан сырткары, А.Жамангулов мурдагы Башкы прокуратура турган жерди гүлзарга айлантууга каршы чыкты. Анын пикиринде, мындай кадам ал жердин айланасындагы кафелердин кызыкчылыгында.
Депутат Аида Исмаилова Өкмөттүн наркология менен психиатрия тармактарын бириктирүү демилгеси туура эмес деген көз карашта. “Эч кандай системалуу мамиле жок. Медициналык стандарттар бузулат”,- дейт ал.
Мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган депутат Евгения Строкова аткаруу бийлигинен “Мугалимдердин статусу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын талап кылды. Ал мугалимдер менен врачтардын пенсиясын жогорулатуу зарылдыгын, алар алган ведомстволук үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берүү керектигин айтты. Мугалимдерди майрамы менен депутат Надирбек Каримов дагы куттуктады.
Депутат Алмазбек Эргешов күч органдарынын кызматкерлеринин айлык акылары көбөйүп, үй менен камсыздалып жатканы жакшы көрүнүш экенине токтолуп, мындай камкордукту мугалимдер менен врачтарга да көрсөтүү керектигин Өкмөткө багыттады. Ал бүгүнкү күндө эмгек акынын, тиешелүү шарттардын жоктугунан башка иштерге агылып жаткан мугалимдер жана врачтардын көйгөйүн, жер-жерлердеги мектептердин жетишсиздигин айтты. “Кредит алып болсо дагы мектептерди курбасак, билим берүүдө чоң катастрофа болот”,- дейт эл өкүлү.
Депутат Жыргалбек Турускулов балык уулоодо кытайдын синтетикалык торлорун пайдаланууга тыюу салуу демилгеси менен чыкты. “Ысык-Көлдө чабак, Соң-Көлдө сига менен пеляд балыктары жоголууда. Бизде экоцид болгону калды”,- дейт Ж.Турускулов.
Депутат Карамат Орозова өрт өчүрүү кызматынын офицерлерине башка күч түзүмдөрүнүн офицерлерине төлөнгөн 30%дык кошумча төлөм туура эмес төлөнгөн деп ар кандай шылтоолор менен аларга иш козголуп жатканын сынга алды. “Чечимди Өкмөт чыгарса, мыйзамды Жогорку Кеңеш жазса, аны аткаргандарда эмне күнөө?”,- дейт эл өкүлү.
Депутат Айнуру Алтыбаева кечээ Жогорку Кеңеште өткөн балдардын укуктарынын корголушу боюнча “өкмөттүк сааттан” кийин келерки жылды Балдарды коргоо жылы деп жарыялоону өлкө башчысына сунуштоого кесиптештерин чакырды.
Депутат Нодирбек Каримов жазында болуучу сел-кыяндарды күтпөй эле, сел болуу коркунучтары болгон жерлерге дамба куруу менен алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин Өкмөткө багыттады.
Депутат Зиядин Жамалдинов өз жүйөлөрүн келтирип, Миграция министрлигин, Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуш кылды.
Депутат Таабалды Тиллаев Бишкек мэриясына анализ жүргүзүп, борбор калаадагы тыгындарды жоюуну тапшырды.
Депутат Кенжебек Бокоев Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычындагы штат маселеси дале чечиле электигин эске салып, Аксыдагы Үңкүр-Тоо маселеси кандай чечилгенин, Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын тагдыры эмне болгонун Өкмөттүн сурады. “Ар бир айыл өкмөттө жооптуу катчы болушу каралган мыйзам ордунан жылбай жатат. Макулдашуу тобу бул маселени аягына чыгарбайбы!”,- дейт К.Бокоев.
Кадамжай районунун шагыл жолго муздак асфальт басуу, бала бакчаларды курулушун аягына чыгаруу, башталгыч мектеп куруу сыяктуу социалдык маселелерин чечүүнү депутат Закир Шарапов Өкмөттөн өтүндү.
Булак: NazarNews.kg