www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеши алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечти. Партиянын бул тууралуу чечимин анын лидери Феликс Кулов “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Билдирүүдө жазылгандай, мындай чечим шайлоого катышуучу партиялардын тизмесине жана азыркы кырдаалдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү маселесине байланыштуу кабыл алынды.

Анда “Талапкерлердин тизмесин праймериз – партиянын ичиндеги тандоо аркылуу түзүү коомчулукка талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат алууга, ал эми парламентке мыкты, адискөй депутаттар келүүсүнө мүмкүнчүлүк бермек. Тилекке каршы, учурдагы пандемиялык кырдаал буга жол берген жок. Ошондуктан, биз мурункудай капчыктуулар жеңишке жетишкен шайлоого катышуудан баш тарттык”, - деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости