www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каякка баратабыз жана эмнеге жетишебиз…Кечинде Чоӊ театрга «Хованщинага» барып, биринчи акт бʏткʏчѳ араӊ чыдап отуруп, анан кете бердим. Кушнерлердикине бардым. Жакшы адамдар. Алар менен баарлашуу да жакшы.

30.08.1928

Тимирязев атындагы Академияда болдум.Катчы мени суракка ала баштады: «Ректор эмне ʏчʏн керек» - деп. Ушул окуу жайы эӊ демократиялуу болсо болмок, иш жʏзʏндѳ тескерисинче. Адамдын денесиндеги саламаттыгы чыӊ организмди кемирип бараткан оору сымал, бюрократизм бардык тармактарга жайылып баратат. Мага ушундай мамиле кылып жаткандан кийин, алар студенттерге кандай мамиле жасашат? Ипподромдо болдум. Жакшы ипподром. Тандамал кʏлʏк жылкылар. Украина алып жатат,Ташкент болсо кѳп жакшы эмес, акыркы орунда. Жылкы чарбасы ѳнʏккѳн бизге окшогон жерлерге ипподром керек. Бизде ипподром болсо абдан ʏлкѳн тарбиялык мааниси болмок, а бул жерде бекерчилер менен тотализаторлордун уюгуна айланган. Акчаны максаттуу коротконду билбейбиз.Харбинден келген телеграмма – Лашевичтин абалы ишенимсиз экендигин билдирип турат, партиянын мыкты уулдарынын бири, лениндик гвардиянын мыкты жоокери кете турган болду. Партиянын  ХIV съездинде анын сʏйлѳгѳн сѳздѳрʏ эске тʏштʏ. Мен анда ал дагы кылым жашай тургандай сезилген, эрте эле ал дагы жок болот. Эски лениндик гвардиянын катары суюлуп баратат, алардын ордуна келгендерди Лашевичке окшогон большевиктин ордуна жʏздʏ берсе да алмашпас элем. Муну М. кантип кабыл алар экен, менин оюмча ал аны абдан урматтай турган.

31.08. 1928

Бир гана каалоом – жолугушуу жана баарлашуу.Крижижановский менен жолугайын дедим. Ал кабыл албайт экен. Мейли дагы кабыл ала турган ыӊгайлуу учур келер. Эртеӊ М.га барам. Эмнеге, эмне ʏчʏн? Билбейм ѳзʏм да. Биздин заманда адамдар жазалаганды билишпейт. Ааламдагы эӊ оор жаза –бул сʏйгѳн адамы менен ажыратуу.

Абдан маӊызы жок абал, кѳрсѳ адам ѳзʏндѳ эмне болуп жатканын билбеген учур болот экен. Менде ушундай сыйкырлуу нерселер болуп жатат. Мен ѳзʏм эмне болуп бара жатканымды билбейм…Бир гана мен эч нерсеге жарабасым, эч нерсе иштей албасым ѳзʏмѳ тʏшʏнʏктʏʏ болуп турат. Мындай сезимдер менде узакка сакталабы –муну да мен биле бербейм.
Кечинде «аквариумда» болдум. «Айлананын квадратурун» карадым. Мааниси жок, бирок мыйыгыӊан жылмайсаӊ болот.

01.09.1928

Лашевич жарыкчылык менен кош айтышты. Борбордук Комитет кайгыруу менен тереӊ кѳӊʏл айтышты. Анын трагедиялык ѳлʏмʏнѳ ким кʏнѳѳлʏʏ? Чындыгында ал аварияга учураган автомобиль эмес экендиги бештен белгилʏʏ.

Революциянын дасыккан кʏрѳшʏʏчʏлѳрʏ катардан чыгып жатышат, ал эми мамлекетте абал курчуп баратат. Тʏшʏм жыйноо тѳмѳн. Башка товарлар да жок. Дыйкандарды кулакка тартуу иш жʏзʏндѳ мамлекеттин үстʏнѳн «кара булутту» айлантып туру. Совет бийлиги ʏчʏн «жут»  келбейби?

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 02.09.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости