www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тез арыктаткан Индия диетасы

1-күн 

Бир күн бою жалаң гана мөмө жемиш жейбиз. Бардык мөмө жемиштерди таза жууп, дасторконуңузга коюп, табитиңиз тартканын жей бериңиз. Эскертүү; жүзүм, банан жана мангодон башкасын анткени алардын курамында глютен көп.

2-күн

Экинчи күнү болсо жалаң жашылчаларды колдонобуз. Кааласаңыз салат жасап жесеңиз болот. Тузун аз себелеп, майонез колдонбойбуз! Эртең мененкисин сууга бышырылган картошка, сабиз, кызылча жесеңиз болот. Мындай ыкма менен сиз организмиңизге жетиштүү энергия жана углевод алган болосуз.

3-күн

Мөмө-жемиш менен жашылчаларды жейбиз.

4-күн

Банан диетасына отурабыз. Бул күнү эртели-кеч банан жегенге болот, а бирок кечки алтыга чейин. Банан абдан калориялуу келип, курамы калий жана натрийге бай.

5-күн

"Быштак жана жашылча-жемиш күнү" деп жарыялаңыз. Бул күнү капуста, быштак жана помидорду колдонсо болот. Дал ушул күнү суунун өлчөмүн көбөйткөн дагы пайдалуу.

6-күн

Бул күндү дагы "Быштак жана мөмө-жемиш күнү" деп жарыялап, бир гана помидорду колдонуудан баш тартуу керек.

7-күн

"Күрүч жана жашылча-жемиш күнү деп жарыялайсыз. Бул күнү бир чыны күрүч жана мөмө-жемиш кошулуп бышырылган пирогдорду жесе болот.

Бул диетанын эң негизги эрежеси: алты күн ичинде ширелерден, кофе жана чай ичүүдөн алыс болуңуз. Анын ордуна колдон келсе таза суудан көбүрөөк ичүү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости