www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 198-270-чакырымдарында кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 11:30дан тартып Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости