www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын курууда. Жалпысынан 50 чакты адам чогулду.
Алар Ибраимов негизсиз камалганын айтып, аны коргоо комитетин түзүү керектигин айтып жатышат. Ошону менен катар УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кетишкенин белгилешти.
Жыйынга район акими Алтынбек Намазалиев да чакырылган. Ал кандай нааразылык болсо мыйзам чегинде чечүү зарыл экенин айтты деп билдирет Азаттык.
13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.
Булак: NazarNews.kg