www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Доктурбай Кожогулов, Апрель революциясынын катышуучусу: Апрель революциясында элдин алдында жүргөн Доктурбай деген аксакал болгон. Бул аксакал мурунку президент А. Атамбаевдин айылдашы. Атамбаев десе баарына даяр болчу адамдардын бири эле. Доктурбай аксакал менен телефондо сүйлөшүп, анын айтчу сөздөрү көп экенин байкап, атайын Арашанга барып, таза абада аксакал менен маек куруп, анын айталбай жүргөн арманын уктум. Аксакал дагы катуу жарылды…
— Абдил Сегизбаев менен Атамбаевдин кандай тууганчылыгы бар?
— Сегизбаевдер мурунку аялы жагынан кайын журту.
— Асанбай тууралуу эмнелерди уккансыз? Ал кишинин атынан шаарда кичи район аталып калбадыбы? Иштерман киши болгонбу?
— Асанбай менен Атамбай эки бир туугандар. Бул жакка Баткенден Асанбай менен Атамбайдын аталары келишкен. Асанбай Орто-Сайга, Атамбай бул жакка туруп калышат. Атамбай баласы Шаршенге Чоң-Таштагы моңолдордон аял алып берип, куда-сөөк болуп калат.
(уландысы бар)
Булак: Жаңы Ордо