www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда жаш келин күйөөсүнүн токмогуна чыдабай, милицияга кайрылып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок, келиндин арызы кабыл алынбай, милиция кызматкерлеринен басым көрүп, жемеленген. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине жабырлануучу өзү билдирди.

Анын айтымында, күйөөсү үйдө акча маселесинен улам чыр чыгып, аялын катуу сабап салган. Окуя 16-августка караган түнү болгон.

«Жолдошум экөөбүздүн ортобузда акча маселеси боюнча пикир келишпестик болду. Бирок күйөөм кыжырданып, дайыма эле бир нерсе болсо мени сабап салчу. Бирок ушул күнгө чейин унчукпай жашап келдим. Ошол күнү анын токмогунан өлүп калам го деп ойлодум, чынын айтсам күйөөм мени сабап жатканда анын туугандары, кайын атамда карап турду. Алар ажыратмак тургай, атасы кайра баласына үйрөтүп турду. Күйөөм мени муунтуп жатса, колуңдун изи калып калат, ээгинен карма деп айтып жатты.

Ошол учурда оюма бир эле милиция мени куткарат деп ойлодум. Аларды чакырдым. Бирок алар мени эмес, күйөөмдү колдоп коюшту. Араван райондук ички ичтер башкармалыгына арыз жаздым. Бирок алар «аялды ушинтип уруп тарбиялаш керек, менда аялымды күндө сабайм» деди. Ал жерде менин арызымды ошол күнү кабыл алган жок. Айла жок Кызыл-Кыя шаарына барып арыз жаздым», - дейт жабырлануучу.

Ал жердеги милиция кызматкерлерине келин өз укугу жана ага карата зомбулук болуп жатканын айтканда, алар: «ал мыйзам иштебейт», - деп жооп беришкен.

16-август күнү Абдимомун кызы Айперинин күйөөсүнүн үстүнөн жазган арызын Араванда кабыл алышпайт. Ал Кызыл-Кыя шаарына барып, ошол жакта ооруканага жаткырылган жана даарыгерлер анын мээси чайкалганын айтышкан.

Жабырлануучунун айтымында, мындай окуя буга чейин да көп кайталанган.

Турмушка чыккандан бери күйөөсүнөн запкы жеп келген келин, мындан кийинки жашоосун элестетүүгө да коркуп калганын айтат.

Ал эми биздин редакция Ош ОИИБге байланышканда, маселени тактап жатканын айтып, окуя боюнча кийинчерээк маалымат берерин айтышты. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости