www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгыш Казакстанда кар жаады

Чыгыш Казакстан облусунун Риддер районунда түндө кар жаады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу Чыгыш Казакстандын 1870 метр бийиктиктеги спорттук база жайгашкан аймакка жааган кардын сүрөтү интернет айдыңында талкууга алынган. Бул маалыматты Казакгидромети да тастыктаган.

"Риддерде жана метеостанцияда учурда кар жок. Тоолуу аймакта кар аралаш жамгыр жаап жатат. Бийик тоолуу аймак болгондуктан бул көрүнүш таң калычтуу эмес. Жакынкы күндөрү тоолуу аймактарда кар аралаш жамгыр жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт", - деген Казакгидрометтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости