www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо алдында убада кылынган курултай 25-ноябрга белгиленди. Ал тууралуу мыйзам кабыл алына элек, бирок президенттик башкаруу учурунда кээ бир чечимдерди парламентсиз деле кабыл ала берсе болот. Мисалга, жолдон өтүүнүн эрежелери бар – жол кесилишиндеги зебра менен жана жашыл жарыкка өтүш керек, бирок эл – айылдагыдай, кай жерде кааласак, ошол жерден өтөбүз дейт. Бийлик дагы: жолдон өтүүгө элдин укугу бар деп ага макул болот

Бийлик булагы – эл деп Конституцияда жазылган, депутаттар болсо жөн гана эл өкүлдөрү, анын үстүнө коррупция, жердешчилик, ириген саясаттан улам алар эл да саналбай калган. Курултай болсо парламент, өкмөт, кабинет дегенден айырмаланып, чыныгы элдик бийлик болот имиш.

Бир чети туура, бийлик чындап эле өтө эле бузулуп кеткен, бирок аны оңдойм деген курултай – бул кадимки эле популизм жана саясатты бурмалоо. Анткен менен, ошондой саясатты эскиртүү аркылуу дагы коомго пайда алып келсе болот, бирок ан үчүн өтө кылдат жогорку саясий өнөр керек.

 

Последние новости