www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тазалык» муниципалдык ишканасында акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

«Тазалык» ЖКнын жооптуу адамдарынын ишкана кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону такталды. 

«Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери ишкананын иш жүзүндө иштебеген же иштен бошотулган жана республиканын чегинен тышкары жүргөн штатында иштеген кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштурганы аныкталган. Акчалардын бардыгын схеманын уюштуруучулары жеке муктаждыктарына бөлүп алышкан. Кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири “Тазалык” ишканасынын кызматкери Ч.М. Ал мурдагы нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири. Ч.М. УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдиришти башкармалыктан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости