www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институту Бишкектеги № 1 тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Омбудсмен институту өлкөдө бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экенин белгилеп, маркумдун өлүмү боюнча тергөө ишинен сырткары мындай окуялар кайталанбашы үчүн мекеменин кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесине баа берүү үчүн ички иликтөө жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Жумагуловдун өлүмү жөнүндө кабар чыгары менен институттун кызматкерлери тергөө абагындагы окуя жөнүндө маалымат сурап Жаза аткаруу кызматына кайрылган.

Мекеме абакка бычак кандай шартта киргени иликтенип жатканын кабарлаган.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деп таанылган Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жумагуловду 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

1-августта Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөөнү баштаган. Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту («өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камалганы маалымдалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости