www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, президент Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: «Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат», — деген үнүн уккан.
"Өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбасатан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат", — деп жазды Эрбол Султанбаев.
Булак: NazarNews.kg