www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары, андан кийин саясий партиялар дагы эл менен бийликтин ортосунда толук кандуу көпүрө боло алышкан жок. Мындай пикирин эксперт жана саясий серепчи Шерадил Бактыгулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда 30 жылдан бери депутаттар жана партиялар өздөрүнүн гана максаттарын көздөп келишти.

 --"Өз кезегинде өлкө жетекчилеринин элге отчеттору парламентте гана айтылып келди. Башкача айтканда, эл менен бийликтин түз диологу болгон жок.  Ушул жылдын ноябрь айында өтө турган биринчи элдик курултай – бул эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болмокчу. Курултай – бул элдик өкүлчүлүктүн бир түрү. Ал байыркы доорлордон бери бар. Мисалы, байыркы гректерде "агора", арабдарда "мажлис", перстерде "диван" болгон. Кийин бул парламент катары калыптанып калды. Кыргызстанда курултай жөнүндөгү норма бардык конституцияларда болгон. Бирок, бул эмне экенин баары эле түшүнө бербегендей таасир калтырат. Курултай – бул элдик жыйын. Башкача айтканда, бул активисттердин, саясий партиялардын, коомдук пикир лидерлеринин жана башка топтордун эмес, элдин өзүнүн катышуусу. Делегаттар социалдык жана коомдук абалына карабастан, аймактык тиешелүүлүгүнө жараша ачык-айкын түзүлүшү керек. Анткени көп улуттуу кыргыз элинин тагдыры жөнүндө болуп жатат", - деди Бактыгулов.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости