www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “Одноклассники” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына улуттар аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат алынган. 

Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө алынган далил буюм заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, аталган аккаунттун ээсинин социалдык тармактарга жарыялаган аудио, видео жазууларда улут аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылгандыгы аныкталган. 

Топтолгон материалдын негзинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. 

2024 жылдын 19-май күнүнөн 24-май күнүнө чейин Ош облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Нелегал” аталышындагы ыкчам профилактикалык иш чаранын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү Араван районунун 1994-жылы туулган И.И. аттуу тургуну экендиги аныкталып, 2024-жылдын 21-май күнү тергөө кызматына камсыз болду.  

Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости