www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаанын мамлекеттик администрациясынын “"СССРдин 50 жылдыгы" сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” 1992-жыл, 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.
Жаңы токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек болчу .
Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирип, андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берилген.
Ушу тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Парктын аймагындагы объектилерди бузуу иштери 20-майга пландаштырылган.
Ал арада Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары дагы бул кадамды мыйзамсыз деп билдирген.
Учурда аталган сейил бактагы үйлөрдү түрттүрүү иши белгисиз убакытка жылдырылганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg