www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ПрезидентиСадыр Жапаровдун калемине таандык “Садыр жана чындык” китебенен алынган “Кумтөр бүгүн деле ыйлап турат” маалыматты окурмандарга сунуш кылабыз. Аталган китеп Садыр жапаровдун 50 жылдык мааракесине карата 2018-жылы чыгарылган.
Садыр Жапаровдун депутаттык комиссиясынан кийин, Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү. Биздин экологиябызга зыян келип жаткандыгы, Садыр Жапаровдун айткандары баары туура экендигин аныкташты.
Эмне чара көрүштү, эч кандай чара көрүшкөн жок. Кумтөрдү кыргыз элинин пайдасына иштетебиз деп Саруунун бир нече жигиттери түрмөдө отурушат. Кумтөр маселесин чечем деп Жантөрө Сатыбалдиев премьерлик кызматка келди.
Кумтөрдү 50-50 пайыз менен башкарабыз деп чыгышты. Теледен 50-50 пайыз болгондо Кыргызстанга эбегейсиз зор пайда түшөт деп күнүнө 5-6 жолудан көрсөтүштү.
Жогорку Кеңештин депутаттары 50-50 пайыз туура эмес, тарыхый келишимге алып келишибиз керек. Кыргызстандын пайызы 67, канадалыктардыкы 33 болуш керек деп чыгышты. 50-50-пайыз дегени биринчи жолу Жогорку Кеңештен өткөн жок. Кайра кайрадан иштеп келишип ошол эле 50-50 пайызды өткөзүштү.
Ал ортодо Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын жетектеп турган мезгилдеги үйлөрдүн сапатсыз курулгандыгы, акча каражаттарынын 11 млрд сомдон, жарымына кагаз жүзүндө отчёт бере албагандыгына байланыштуу аны кызматтан кетиришти.
Андан кийин «тандаган тазга, - тайгылат музга» деген сыяктуу ага чейин Премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеген Жоомарт Оторбаевти алып келишти, ал эмне кылды сүйлөшүп жатабы деп жүрүп, акыры 50-50 пайыз дагы Кыргызстанга жакшылык алып келбейт экен андан көрө директорлор кеңешинин мүчөлөрүн өзгөртөбүз деп жаңылык киргизип жиберди.
Бизди колдойт деген адамдары көп өтпөй эле Центерраны колдоп кетишти. Мына ушинтип Кумтөр маселеси ордунан бир карыш да жылбай, Жоомарт Оторбаев дагы кызматынан кетти. Ордуна убагында өкмөттук комиссияны жетектеген Темир Сариев келди. Келгенден бери Кумтөр боюнча аракет кылмак турсун ооз да ачпастан, эксперттерге деп бир канча акча коротуп, Балыкчы-Корумду жолун курууда коррупциялык иштерге аралашкан деген Парламенттик комиссиянын жыйынтыгы менен кызматынан кетти. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок. Президент А. Атамбаев айткан коррупцияга каршы катуу сокку урабыз деген урааны ушулбу деп таң калам.
Бүгүнкү күнкү бийлик КУМТӨР маселесин чечүүдө алсыз экендигин ачык көрсөттү. Ал учурда юридикалык жактан да, материалдык жактан да, моралдык жактан да, Садыр Жапаровдун КУМТӨРдү дененсация жолу менен Кыргыз Республикасынын менчигине алалы дегени эн туура экендигин тарых далилдеп койду. Андан болок жол жок экендиги да айдан ачык болуп калды, деп жазылган ата аталган китепте.
Ошентип тагдырдын тамашасы менен Кумтөрдү Садыр Жапаров 4-апрелде калдайган кыргыз калкына “Кумтөр толугу менен мамлекетке өттү” деп жар салды. Президенттин бул жарыясы коомчулукту кубандырганы менен кандайдыр бөлүгү шектенүү менен кабыл алды.
Калган чындыкты убакыт көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg