www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжанов ("Альянс" фракциясы) жасалма диплом алууга шектелүүдө. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШКга аталган депутаттар тууралуу маалымат УКМКдан келип түшкөн. Буга байланыштуу алардын мандатынан ажыратуу маселеси каралат.

Мыйзам боюнча жогорку билими тууралуу диплому жок жарандар Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин үч депутаты жасалма диплом жана кош жарандуулукка шектелип жатканын билдирген.

Эске салсак, буга чейин NazarNews маалымат агенттиги Фарходбек Алимжановдун жасалма диплому тууралуу буга чейин жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости