www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашраф Гани Ооганстандын алдыга жылышындагы негизги тоскоолдукка айланган. Мындай пикирди Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов.

--"Пуштун улутундагы Ашраф Гани Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясынан чыккан. Анда президенттик кызматка топ келе турга билим да, тажрыйба да бар эле. Гани Дүйнөлүк банкта, Бириккен Улуттар Уюмунда иштеп, керек болсо мамлекет катары калыптанбай калган өлкөлөрдү оңдоонун жолдору тууралуу китеп да жазган. Мурда финансы министри болуп иштеген Гани 2014-жылы президенттик шайлоону жеңип чыккандан кийин дүйнөгө таанымал болгон. Бул шайлоо көз боемочулук жана бурмалоолор тууралуу дооматтар менен коштолгон эле.

Ошентсе да ал көп атаандаштарынан айырмаланып, элдин калың катмарынынын колдоосуна ээ боло алган жок. Ал узак жыл АКШда жашагандыктан "карапайым оогандардын ой-санаасын билбейт" деген сынга кабылып келди.

Ашраф Гани өзү менен кошо Батышта билим алган жардамчыларын жана кеңешчилерин ала жүргөнү менен өлкө ичинде маанай жараткан оюнчуларды бооруна тарта алган жок. Ал Ооганстандын алдыга жылышындагы негизги тоскоолдукка айланган", - деп билдирди орусиялык эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости