www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент ооган ички күчтөрүнүн инклюзивдүү өкмөт түзүү жөнүндөгү билдирүүсүн колдойт. Бул тууралуу 17-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады

Министрликтин билдирүүсүндө Өзбекстан Ооганстанда өкмөттүк аскерлердин транзити жалпы макулдашуунун жана эл аралык укуктун негизинде тынч жол менен ишке ашарына үмүт артып турганы белгиленген.

ТИМ абалдын бул багытта өнүгүшү – жалпы улуттук ынтымакты камсыздап, күчтүү жана жөндөмдүү өкмөт түзүүгө алып келерине ишенет.

Өзбек тарап Ооганстан менен салттуу жана ынак коңшулук мамилелердин жана өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө принцибинин сакталышын кубаттайт.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Өзбекстандын Кабул жана Мазари-Шарифтеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кадимки режимде иштеп жатат.

"Өзбек тарап чек араны коргоо жана чек арага жакын аймактарда тынчтыкты сактоо маселелери боюнча "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта. Биз мындан тышкары мамлекеттик чек араны бузуп өтүү аракеттерине Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, катуу чара көрүлөрүн билдиребиз", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Бул арада министрлик ооган аткаминерлеринин Өзбекстанга качып киргени жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.

Эске салсак, буга чейин Ашраф Гани, Абдула Рашид Дустум, Атто Мухаммади Нура жана башка аткаминерлер Өзбекстанга чыгып кеткени тууралуу кептер тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости