www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасынын орду да талашка түштү окшойт. Анткени ушул орундун ролу жогору экенин көрдүк го? Маселен, мурдагы төрага Алмаз Кененбаев ушул жерден күүлөнүп туруп секирди эле президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп жатып калды. Трамплиндик милдетти өтөгөн ушул орундун тагдыры негедир чечилбей турган кези.
Өткөндө төрагалыкка талапкер болуп аталган Кубанычбек Конгантиевдин деле аброю укмуш эместигин ошол эле шаардык кеңештин депутаттары айтып калышат. Чамасы ортодо келишпестик бар шекилди. Андай болсо дагы бир фракция өзүнүн талапкерин чыгарып күрөшкө түшсө болбойбу? Же өйдө жактан келген буйрукка каршылык көрсөткөндөн ичиркенип жатышабы? Калыстык иретинде айтсак, 45 депутаттын бири да соо эмес деген жыйынтыктын чындыгы барына ынанууга туура келет. Кана ошолордун ичинен шайлоочуларга жагарманы, тазасы, капчыгы жукасы барбы? Баары эле жарылганы араң тургандарбы деген ой кетет экен…
Булак: "Ачык сөз"