www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки-үч райондун элин бир аймак кылып чаптасаңар да бирикпейт. Мындай пикирди жарандык активист Аркарбек Мамытов социалдык баракчасына жазды. 

--"Кыргызстан кырк районго бөлүнгөн.

"Ар кимдин туулган жери Мисир" дегендей ар бир райондун эли өз районунун таламын талашып, өз районуна жаман сөз тийгизгиси келбейт. Канча жылдан бери өз-өзүнчө район болуп калыптанып калганда эми эки-үч райондун элин бир аймак кылып чаптасаңар да бирикпейт.

Кайсы логика менен 40 районду 35 аймакка бөлүп, 35 мандат кылганы жатасыңар билбейм. Ары жакта 5 мандат калат экен, биротоло эле 40 районго 40 мандат кылып койсоңор эмне болот эле?

Кичинекей Кыргызстанга 90 депутаттын эмне зарылдыгы бар түшүнбөйм, ар бир райондон бирден эл өкүлү деп 40 районго 40 депутат кылып койсок жетет эле да". -дейт активист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости