www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-апрелде Армения Баш мыйзамын өзгөртүү үчүн референдум өткөрөт. Буйрукка президент Армен Саркисян 9-февралда кол койду. Өткөн аптада парламент референдум өткөрүүнү колдогон. Референдумдан кийин 2018-жылы Никол Пашинян бийлик башына келгиче дайындалган Конституциялык соттун тогуз мүчөсүнүн жетөө кызматтан кетиши мүмкүн.

Жаңы жети судьяны Пашиняндын “Менин кадамым” блогу көпчүлүктү түзгөн Элдик Ассамблея көрсөтөт. Ал эми кийинчерээк дайындалган эки сот өз ордунда кала берет.

Премьер-министр Пашинян президенттин буйругу чыккандан кийин "Фейсбуктагы" баракчысына “5-апрелде ыңкылапка, эркиндикке “ооба” деп, коррупциянын эшигин жабабыз” деп жазды.

Пашинян Конституциялык соттун жети судьясын Армениянын "мурунку бийлиги менен байланышта жана көз карандысыз сот системасын реформалоого бут тосуп жатат" деп айыптаган.

Декабрь айында Конституциялык соттун төрагасы Грайр Товмасян юстиция мнистри болуп турганда "кызматынан кыянат пайдаланган" деп айыпталган. Бирок ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Последние новости