www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Бул күнү биз фронттогу баатырлардын жана ооруктагы эмгекчилердин жан аябастан фашизмди жеңүүгө чечкиндүү салым кошкондугун сыймыктануу менен сезип турабыз.

Арменияда да, Кыргызстанда да биздин ата-бабаларыбыздын эрдиги эскерилет. Эркиндик жана келечек муундардын бактысы үчүн алардын жасаган эрдигин биз ыйык тутабыз.

Улуу Жеңиштин баа жеткис мурасы бүгүнкү күндө дагы бизди достук байланыштарын бекемдөөгө, учурдун коркунучтарына биргелешип жооп берүүгө жана Кыргызстан менен Армениянын тынчтыкта өнүгүүсү үчүн кызматташтыкты ырааттуу тереңдетүүгө чакырат», — деп белгиленет телеграммада.

Никол Пашинян Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана бакубаттуулук, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.org

Последние новости