www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-майга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге төмөндөгүдөй суроо берилди:  "2-апрелде Ноокат райондук ооруканасында 61 жаштагы жаран каза болгону маалым. Анын ПЦР-анализинен коронавирус инфекциясы аныкталганы жана ага экспертиза жүргүзүлөрү, экспертизанын жыйынтыгында маркум эмне себептен каза болгону айтылат деп министр билдирген эле. Анын себеби аныкталдыбы?".

Үсөнбаев: "Алгоритмге ылайык, өлүктү кайра союп, экспертиза жүргүзүлгөн. Андан коронавирустан тышкары өнөкөт оорулары болгону аныкталган. Дарылоо жүргүзүлгөнү менен өнөкөт ооруларын вирус козгоп, ошондон бейтап көз жумган. Анын жүрөгүндө, дем алуу органдарында маселе болуп, 2-баскычтагы кант диабети, өнөкөт В гепатити бар экендиги аныкталган", - деп жооп берди.
Булак: NazarNews.org

Последние новости