www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения Орусиядан газ жеткирүүдө көйгөйлөр жаралса же баа көтөрүлсө, альтернативдүү камсыздоочуларга кайрылышы мүмкүн. Бул тууралуу Армениянын Коомдук кызматтарды жөнгө салуу комиссиясынын төрагасы Месроп Месропян билдирди.
Анын айтымында, мүмкүн болгон альтернативалардын катарында Азербайжан, Түркмөнстан жана Иран бар.
Месропян учурда газдын баасын жогорулатуу боюнча расмий сүйлөшүүлөр же билдирүүлөр жок экенин белгилеп, азыркы келишимдин шарттары 2027-жылга чейин күчүндө каларын айтты. Ошондой эле газ кымбаттаса өлкөнүн энергетика тармагына таасир этерин, бирок күн энергетикасынын өнүгүшү терс кесепеттерди жарым-жартылай азайта аларын кошумчалады.