www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу кайрымдуулук чогултууларды жөнгө салууга багытталган жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды.

Демилгечинин айтымында, учурда колдонулуп жаткан 1999-жылдагы “Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө” мыйзам заман талабына жооп бербей калган.

Айрыкча интернет жана мобилдик тиркемелер аркылуу жеке банк эсептерине акча чогултуу көбөйгөндүктөн, каражаттын максаттуу колдонулушуна көзөмөл жетишсиз болуп жаткандыгы белгиленди.

Депутат мындай жагдай алдамчылыкка шарт түзүп, оорулуу балдардын атын жамынып каражат чогулткан учурлар көбөйгөнүн айтты.

Негизги сунуштар:

Жеке банк карталарына кайрымдуулук үчүн акча чогултууну токтотуу;

Мамлекеттик кайрымдуулук порталын түзүү жана ачык отчеттуулук системасын киргизүү;

Кайрымдуулук каражаттарынын кыймылын банктар аркылуу катуу көзөмөлдөө;

Фонддордун административдик чыгымдарын 2%дан 15%га чейин көбөйтүү;

Публичный кайрымдуулук үчүн атайын максаттуу банк эсебин милдеттүү ачуу.

Мыйзам долбооруна ылайык, чогулган каражат максаттуу колдонулбай калган учурда (мисалы, алуучу каза болсо же дарылоодон баш тартса), каражат донорлордун макулдугу менен башка кайрымдуулук иштерине багытталат же пропорционалдуу түрдө кайтарылып берилет.

Бул шарттар алдын ала коомчулукка милдеттүү түрдө жарыяланышы керек.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда кайрымдуулук шылтоосу менен жасалган алдамчылык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда.

Атап айтканда, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, мындай аракеттер үчүн 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралууда.

Демилге коомдук талкууда каралууда.

Последние новости