www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында болгон кагылышуудан армян тараптан кеминде 49 киши каза болду. Бул тууралуу Армениянын премьер-министр Никол Пашинян Улуттук ассамблеяда билдирип, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.
Расмий Ереван 13-сентябрда түн жарымында Азербайжандын куралдуу күчтөрү армяндардын позицияларын – Сотк, Варденис, Горис, Капан, Артаниш жана Ишханасарда аткылаганын билдирүүдө. Жарандык инфраструктура да чабуул жасалганын кабарлады.
Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениядагы жарандык объектилер аткыланганы тууралуу маалыматты четке какты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги болсо Армениянын куралдуу күчтөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын Дашкесан, Калбажар жана Лачин багыттарында чагым жана диверсия кылганын кабарлап, андан жоготуулар бар экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын диверсиялык күчтөрү алар жүргөн аймакка мина койгонун жана тиешелүү жооп кайтарылганын билдирип, алар тараптан дагы жоготуулар болгонун кошумчалады.
Ал ортодо Армениянын ТИМ башчысы кырдаал тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго маалымат берсе, премьер-министри Никол Пашинян АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефондон сүйлөшүп чек арадагы абалды талкуулаган.
Булак: NazarNews.kg