www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча пикирин айтты.

Министр бул маалыматты ЖМК өкүлдөрү чала баштагандан кийин гана билгенин кошумчалады.

"Бул башкы прокурордун жеке "каалоосу" гана. Менин корко турган эч нерсем жок жана качпайм. Башкы прокурор эсептегичтерди саткысы келгени үчүн бардыгына бир жактуу мамиле кылат. Мен бир жумадан кийин бул боюнча өзүнчө маалымат жыйынын өткөрүп, баарын айтып берем", - деди Доскул Бекмурзаев.

Азыр министрдин телефону өчүк. Ал бул боюнча кошумча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматынан пайдаланып тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга кызматтык иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген.

Мындан тышкары, министр "Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо "Б." аттуу ЖЧКны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости