www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик өлкөлөрүнө товар экспорттогон армениялык компаниялар жана жүк ташуучулар олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жатканын билдиришүүдө.
«Жоговурд» гезити армениялык экспорттоочулар менен жүк ташуучулар Европага жүк жеткирүүдө бюрократиялык тоскоолдуктарга жана бажыдагы узак текшерүүлөргө кабылып жатканын жазды.
Маалыматка ылайык, Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн жүктөр узак убакыт текшерүүдөн өтүп, жүк ташуучу унаалар мөөр басылып, бажы терминалдарында бир нече күн күтүүгө аргасыз болууда. Бул, өзгөчө, тез бузулуучу айыл чарба азыктарынын сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Басылманын булагынын айтымында, мындай кечигүүлөр ишкерлер үчүн кошумча каржылык чыгымдарды жаратып, экспорт процессин кыйла татаалдаштырууда.
Ошондой эле Европа рыногуна экспорттолгон товарлардын көлөмү Орусиянын рыногуна жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү менен салыштырганда кыйла аз экени белгиленет. Ушундан улам армениялык экспорттоочулар Европа багытындагы кыйынчылыктар алардын ишмердүүлүгүнө олуттуу таасир тийгизип жатканын билдиришүүдө.