www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аномалдуу ысык аба ырайы жакынкы күндөрү дагы уланат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эң ысык күндөр 18–20-июлга туура келет.
Бул күндөрү Бишкекте абанын температурасы +40…+42 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
21-июлдан тарта аба ырайы өзгөрүп, атмосфералык фронт өткөндөн кийин борбор калаада күндүзгү температура болжол менен +34 градуска чейин төмөндөйт.
Эң байкаларлык салкындоо 22–23-июлда күтүлүүдө. Бул күндөрү аба +28…+29 градуска чейин ысыйт. Айрым жерлерде күн күркүрөп, булут каптап, түнкүсүн температура +19 градуска чейин түшөт.
Ошентип, Бишкекте бир нече күндүн ичинде абанын температурасы 10 градустан ашык төмөндөшү мүмкүн.
Узакка созулган +40 градустук ысыктан кийин аба ырайы кыйла салкындайт.
Алдын ала божомол боюнча, 24-июлда жаан-чачын күтүлүп, күндүз абанын температурасы +31 градус болот. 25-июлдан тарта кайрадан жылый баштап, температура +33 градуска жетиши мүмкүн.
Бирок азыркыдай катуу ысык кайталанары күтүлбөйт.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү түндүк-батыштан келген атмосфералык фронт менен байланыштуу.