www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения парламенти экинчи акыркы окууда республиканын Европа биримдигине (ЕБ) кирүү ниети жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Демилгени 64 депутат колдоп, жети депутат каршы чыкты, деп билдирет «Арменпресс».
ЕБ азырынча Арменяга мүчөлүктү расмий сунуштай элек.
Мыйзам долбоорун Армениянын ЕБге кирүүсү боюнча жарандык демилгенин өкүлү Артак Зейналян бир нече коомдук уюмдардын атынан киргизген, 50 миңден ашык керектүү кол тамганы чогултушкан. Долбоордун акыркы редакциясында: «Армения «демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, коомдун бакубаттуулугун жогорулатууга, өлкөнүн коопсуздугун, туруктуулугун жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө умтулуп, республиканын Европа биримдигине кирүү процессинин башталышын жарыялайт», - деп айтылат.
Армения өкмөтү ЕБге кирүү процессин 2025-жылдын январь айында баштаган. Мыйзам долбоору биринчи окууда 12-февралда жактырылган. Документ парламентте каралгандан кийин бийлик Брюсселдеги кесиптештери менен евроинтеграция процессинин жол картасын талкуулайт деп пландалган. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян акыркы жылдардагы Ереван менен Брюсселдин мамилесин интенсивдүү жана динамикалуу деп мүнөздөдү.
Россия тарап Еревандын бир эле учурда ЕБге жана Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанды бириктирген Евразия экономикалык союзуна (ЕАЭС) мүчө болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Армян бийлиги ЕАЭБден чыгууну пландабаганын айтууда.