www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-майдан тарта электр энергиянын баасы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-майда электр энергиянын тарифтери өзгөрөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Электр энергиянын баасын көтөрүү эмне үчүн керек? 

«Электр энергияны көбүрөөк керектеп жатабыз. Акыркы 10 жылда керектөө бир топ өстү. Жабдуулар эскирди. Электр станциялары менен түйүндөрдү жаңылоо зарыл, бул көп каражатты талап кылат. Тарифтер өзүн актабайт. Электр энергияны өндүрүүнүн өздүк наркы керектөөчүлөр төлөгөн баадан кымбат турат. Калган чыгымды мамлекет жабат. Бирок бул узак мөөнөттүү чечим боло албайт.

Тарифтердин өзгөрүшү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жана энергетика системасын жаңылоого өбөлгө түзөт»,— деп айтылат маалыматта.

Последние новости