www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги кызмат алуучулардын жашоо шарттарына жана алардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институнан билдиришти.
Байкоо учурунда, аталган мекемеде жалпысынан 250 аял киши туруктуу жашай турганы маалым болгон. Анын ичинен 36 аялдын паспорту жок. Ал эми экөөсүнүн өздүгүн тактаган документтери да жок.
«Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин маалыматында, 11 адамга паспорт алуу үчүн документтерин калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмүнө өткөрүлгөнү, учурда, каралып жатканы айтылат. Калган 25 адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок документтерин тапшыра албай жатышканы маалым болду.
Кадастрдык мекеме тарабынан берилген маалымкатка ылайык, 16 бейтаптын менчигинде жер тилкелери жана бир турак жай бар болуп чыккан. Бирок алардын мүлктүк укуктары сакталып жаткандыгы тууралуу Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси тарабынан маалымат берген жок.
Айрымдарынын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эмес. Мисалы, 2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт.
Дагы бир 69 жаштагы аял 20 жылдан бери аталган мекемеде жашап келет. Анын өзүнүн айтымында, Өзбекстанда туулуп, кийин ата-энеси менен Москвада жашап жүрүп, көп өтпөй Фрунзеге келишкен. Ал 14 жашында зордукталып, психологиялык травмадан улам талма оорусуна чалдыгып калган»,— деп айтылат маалыматта.