www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк бийлиги оппозициянын Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына каршы 19-марттан бери күн сайын өтүп жаткан оппозициялык нааразылык акцияларына жооп кайтарылып, бийлик калыс жана мыйзам чегинде иш алып барарын билдирген. Бул тууралуу Түркиянын лидери Тайип Эрдоган Анкарада жаштар өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

"Көчөлөрдө терор жасап жаткан адамдардын жолдору эч жакка алып барбайт. Бул туңгуюк жол. Мыйзамсыздыкка жооп беребиз, бирок мыйзам чегинде. Демократиябызга жасалган кол салууларды коргойбуз",- деген Эрдоган.

Муну менен катар өлкө башчы өз сөзүндө жек көрүү, кастык жана душмандыктын ордуна түбөлүк бир туугандыкты бекемдөөгө чакырган.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Али Йерликайдын айтымында, 19-марттан 25-мартка чейин өлкөдө нааразылык акцияларында 1,4 миңден ашуун адам кармалган, анын ичинен 980ге жакыны шектүү деген статустагылар. Эң чоң нааразылык акциялары Стамбул менен Анкарада өтүүдө.

Последние новости