www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арменияда АКШ сунуштаган TRIPP («Трамптын эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү маршруту» деген аталыштагы инфраструктуралык жана транспорттук долбоордолбоору) боюнча талкуулар күчөдү. Долбоор эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүп, аймактагы соода байланышын кеңейтүүнү көздөйт. Бирок армян серепчилеринин айтымында, бул демилге Иран менен мамилеге терс таасир этиши мүмкүн.
Макалада Иран Армениянын түшүндүрмөлөрүнө ынанбай жатканы, ал эми өлкө ирандык газга жана Иран аркылуу өтүүчү соода-транзиттик каттамдарга олуттуу көз каранды экени белгиленет.
Ошондой эле Армениянын Орусия менен мамилеси дагы деле жакшыра электиги айтылат. Парламенттик шайлоодон кийин Владимир Путин менен Михаил Мишустин Никол Пашинянды куттуктабаганы, ал эми Екатеринбургдагы жолугушуу да олуттуу жыйынтык бербегени белгиленген. Серепчилердин пикиринде, TRIPP долбоору Түштүк Кавказдагы геосаясий атаандаштыкты дагы күчөтүшү мүмкүн.