www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кылмыш иштерин токтотуу тартибин өзгөрткөн жана аскер кызматкерлерине камсыздандыруу төлөмдөрүн берүү эрежелерин тактаган мыйзамга кол койду.
Эми эгер иш боюнча айыпталуучунун күнөөсүн сот чечими менен аныктоо талап кылынса, мындай кылмыш ишин токтотууга болбойт. Эгер мындай иш мурда токтотулуп калган болсо, аны кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк берилет.
Мындан тышкары, мыйзамда кылмыш иши токтотулгандан кийин бөгөт коюу чараларын, кызматтан убактылуу четтетүүнү жана башка чектөөлөрдү алып салуу тартиби такталды.
Ошондой эле аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Эми эгер аскер кызматкеринин өлүмү же ден соолугуна келтирилген зыян кылмыштын натыйжасында болуп, анын күнөөсү соттун күчүнө кирген чечими менен далилденсе, камсыздандыруу төлөмү берилбейт.