www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-июлда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи сүйлөшүү өткөрдү. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн өз ара кызматташуусуна да көңүл бурулду.
Тараптар кыргыз-иран соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.