www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын Коргоо министрлиги Армения-Азербайжан чек арасынын бир нече тилкесиндеги абал «өтө чыңалган» бойдон калууда деп билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга караганда, шейшембиге караган түнү азербайжандык аскерлер артиллерия, миномет жана пилотсуз учактарды колдонуу менен Жермук, Сотк жана Горис шаарларын аткылашты. Алар Тоолуу Карабактан алыс жайгашкан.
Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын айтымында, түнкү салгылашуулардын натыйжасында кеминде 49 армян аскери набыт болгон. Ереван Орусияга, ЖККУга жана БУУга жардам сурап кайрылган.
Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги армян тарапты жаңжалды курчутуп жатат деп айыптады. Башкармалыктын билдирүүсүндө, Азербайжан армиясынын позицияларынын ортосундагы аймактарды жана камсыздоо жолдорун диверсия жасаган жана миналаган армян аскерлери болгон.
Тоолуу Карабактагы 2020-жылдагы согуштун натыйжасында Баку талаштуу анклавдын айланасындагы аймактардын олуттуу бөлүгүн көзөмөлгө алып, орус аскерлери Тоолуу Карабактын өзүндө жайгаштырылган. Конфликтке катышкан эки тарап тең келишимге нааразы болгон.
Расмий Брюссель Баку менен Ереванды согуштук аракеттерди токтотууга чакырса, Франциянын президенти Эммануэль Макрон БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында эскалация темасын көтөрүүгө убада берди.
Булак: NazarNews.kg