www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова балдарга карата зомбулук боюнча жыйынында айрым депутаттардын жана Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн пикирлерине каршы чыкты.

Бугүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда балдардын укугун коргоо маселеси каралды.

Абдрахматова жаш балдарга карата зордук-зомбулукта же башка кылмыштарга чоң кишилер гана жоопкер экенин баса белгиледи.

"Мен тактоо иретинде айта кетейин, Нурбек Абдиев балдар өзү күнөөлүү десе, бул жакта депутат кыска кийинет, жүрүм-туруму тууралуу сөз болууда. Балдарга өзүбүз үлгү болобуз. Балдардын коопсуздугуна чоңдор жоопкерчиликтүү", – деди Абдрахматова.

Акыйкатчы балдар өздөрү кылган кылмыштар 1-2 гана болсо, чоңдор тарабынан жасалган кылмыштар 30 ашат деп билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев балдар же ата-энелери күнөөлүү деген пикирди айтпаганын, болгону миграция, кароосуз калган өспүрүмдөр зомбулукка кабылуу тобокелчилиги бар экенин билдирди.

Ага чейин жыйында айрым депутаттар өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму бузулганын айтышкан.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков айрым окуучу кыздар кыска кийип, провокация кылып жатат деген пикирин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости