www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Искендер Матраимов Кадамжай районундагы киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнөн кийин милиция кызматкерлерин кызматтан алууну сунуштады. Бул тууралуу депутат Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйынында Матраимов кылмыштын алдын алуу милдетин аткара албаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылбаганын айтып, кескин сындады.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 14 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин аймактагы участкалык милиция кызматкери, ыкчам топ жана жетекчилиги боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чечим кабыл алынарын билдирди.

Ага депутат ошол жерде факты болуп жатса, кызматтык иликтөөнүн кандай кереги бар деген суроо узатты. Анын айтымында, бир кызды төртөө өлтүрүп жатат.

"Кандай иликтөө керек? Жетекчисин жана участкалык милиция кызматкеринин жоопкерчилигин карап, жумуштан алыш керек болчу. Бул жакта жактоочу болуп жатасыз", - деди депутат.

Айдай Кочкорованын өлүмү тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттеги эки комитеттин кош жыйынында маалымат берип жатат.

Эске салсак, Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында 9-класстын окуучусу Айдайдын жансыз денеси сел өтүүчү тоннелден табылган. Каза болгон кыздын колу артына жип менен байланып, мойнунда жип менен муунтуунун издери калган.

Бул кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости